03:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт башчы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Өкмөт башчы Робин-Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады.

«Өлкөдө ишкерлер көбүнесе өздөрүн корголбогон катары сезишет, ишкерликти жөнгө салуунун таза эмес, мыйзамда каралбаган механизмдери тууралуу бизнестен көптөгөн кайрылуулар түшөт. Эл аралык тажрыйбада таасирдүү механизмдердин бири Бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү болуп саналат. Бизнес-акыйкатчыны дайындоо, бул институтту ишке киргизүү жарандардын жана бизнес-коомчулуктун Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга ишенимин жогорулатат, коррупциялык көрүнүштөрдүн жана башка укук бузуулардын жана бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгына көмөк көрсөтөт деп ишенем», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар