14:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев: Чаткал району эң өнүккөн аймактардын бири болушу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Кичи-Чаарат» ЖАК 2008-жылы түзүлгөн. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын өндүрүштүк объекттерин көрүп чыгып, технологиялык процесс менен таанышты. «Аймактарда ири өндүрүштүк объекттердин ачылышы алыскы райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө чоң күч берет. Улуттук экономиканы бекемдөөгө шарт түзөт. Инвестор алтын кен ишканасынын курулушуна жана тиешелүү өндүрүштүк инфратүзүмдү түзүүгө 220 миллион АКШ долларынан ашуун салууда. Ишкананы зарыл көлөмдөгү кубаттуулук менен камсыздаган өзүнүн электр чубалгылары тартылды. Мамлекет өз кезегинде мындай инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бирок ошону менен бирге алардын алдында конкреттүү талаптарды коет, айрыкча курчап турган чөйрөнү коргоо жана социалдык милдеттемелерди аткаруу боюнча», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал баса белгилегендей, көп бөлүгү ишкананын ишине тартылган жергиликтүү калк бардык техникалык жана экологиялык талаптардын так аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекетке жардам берүүгө тийиш.

«Биз көрүп жаткандай, Чаткал районунда акыркы жылдары жолдор, мектептер, бала бакчалар курула баштады. Бул инвесторлор менен иштөө ыкмасын мамлекет кардиналдуу түрдө өзгөртүүсү аркылуу ишке ашып жатат. Район жаратылыш ресурстарына бай жана аларды калктын кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу өлкөдө жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Чаткал району эң өнүккөн жана ийгиликтүү аймактардын бири болушу керек», — деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума