17:26
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордун жардамчысы шаардагы ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп, А.К. аттуу жарандын кытай улутундагы күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 15 миң доллар пара талап кылган.

«Алар Кыргызстандан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алганын айтып, топтолгон материалдарды тергөө органдарына өткөрүп, күйөөсүн депортация кылуу менен коркутушкан», -деп айтылат маалыматта.

Кечээ прокурордун жардамчысы жана анын ортомчусу кармалды. Алар УКМКнын Тергөө абагына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар