07:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт башчы Жалал-Абаддагы тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Вертекс Голд Компани» компаниясы 2011-жылдан бери Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга 300 миң тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды. Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенди лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан. Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.

Эң көп окулган жаңылыктар