08:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бурмачач Томоева: Миланда Азияны дүйнөлүк деңгээлде тааныткан жалгыз моделмин

Бурмачач Томоева учурда мода дүйнөсүнүн борбору аталган Милан шаарында билим алууда. Мекендешибиз мындан 7 жыл мурун Италияга үй-бүлөсүнө кол кабыш кылып, жардам берүү үчүн иш издеп келген. 5 жылдан кийин жумуш менен окууну айкалыштырып, акыркы 2 жылдан бери Миландагы окуу жайлардын биринде магистратурасын улантууда.

Чет жердеги жашоо, алгачкы кыйынчылыктар жана ийгиликтер, Кыргыз-Италия ассоциациясы тууралуу Бурмачач Томоева маек куруп берди.

Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды
Фото Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды

— Италияга үй-бүлөңүзгө жардам берем деп кеткен экенсиз, ал жакта эмне кызмат кылдыңыз?

— Мен Талас облусунан болом. Өз мекенимде Кыргызстан эл аралык университетинде Эл аралык мамилелер жана англис тили адистигин окугам. Кийин атам каза тапты, үйдүн улуу кызы болгондуктан апама жана бир туугандарыма жардам берүү үчүн окуп, ошол эле маалда иштегенге туура келди. Бирок, Кыргызстанда тапкан айлыгым аз болгондуктан, Италияга иш издеп келгем. Бул жакта туризм, мода жана маданият тармагында иштеп азыр деле улантуудамын.

Бул жакта Curvy Model, башкача айтканда Формалуу модель болуп иштейм. Миланда Азияны дүйнөлүк деңгээлде тааныткан алгачкы жана жалгыз моделмин. Мода тармагында эл аралык долбоорлорго Азиянын атынан, анан албетте Кыргызстандын желегин көтөрүп катышам.

Дүйнөлүк Face positive, Body positive сыяктуу көптөгөн долбоорлорду уюштурабыз. Мында адамдар дүйнөлүк мода стандарттары менен чектелбей, ар бир адам сулуу, уникалдуу болот деген маселелерди даңазалайбыз.

Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды
Фото Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды

Мындан сырткары Миланга келген кыргызстандыктарды шартка жараша тосуп алып, коштоп жүрөбүз. Көбүнчө атактуулар келишет, алардын катарында ырчылар Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атамбеков, Дильшат Кангелдиева, Нурлан Насип, куудул Күмөндөр Абылов, белгилүү дизайнер, «ChapanSar» студиясын жетекчиси Жүмагүл Сариева, «Кеште» мода үйүнүн жетекчиси Назгүл Каарова жана башка ишкерлер бар.

— Англис тилин мыкты билсеңиз, тилден көп деле кыйынчылыктар болбосо керек?

— Бул жакка англис тили менен иш таап кетем деп ойлоп келгем, тилекке каршы андай болгон жок. Алгач абдан эле кыйналдым. Италиянча үйрөнүүгө туура келди, көп убактым ошого короду. Биринчи жылдарын эстесем абдан кыйын болгон, Кыргызстанга кетким келчү, сагынчумун... Азыр көнүп калдым. Учурда жогорку окуу жайлардын биринде Менеджмент башкармалыгы жана тейлөө дизайны факультетинде магистратурада билим алуудамын.

Окуумду аяктасам Италья-Европа дипломумду алып, Кыргызстанга барсам деп ойлонуп жүрөм.

— Чет жакта жүргөн айымдардын көбү ошол жердин жаранына турмушка чыккан болот. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, турмушка чыккансызбы?

— Турмушка чыга элекмин, учурда Миланда апам менен жашайм. Учурунда апама жана бир туугандарыма колдоо көрсөтүп, милдетимди аткардым деп ойлойм. Азыр окуумду гана алып кетпей, Миланда Кыргыз-Италия ассоциациясын негиздедим. Анын негизги максаты- Кыргызстанды дүйнө жүзүнө, айрыкча Италияга таанытуу, бул жактагы туристтерди Кыргызстанга тартуу болуп саналат.

— Жергиликтүү элдин маданияты, салты тууралуу айтып берсеңиз?

— Италиялыктар ачык айрым, ар дайым күлүп турушат. Италиянын көп шаарларын иш боюнча көп эле кыдырам, булардын эли жашаган аймагына жараша айырмаланып турат. Мисалы, түштүк шаарында жашагандар -абдан ачык, эл менен сүйлөшүүгө даяр, тартынбагандар. Түндүктө андай эмес, адамдарды жакшы таанымайынча сүйлөшүп ачыла беришпейт. Милан шаарында жашап жатканыма 4 жыл болду, жергиликитүү эли ар дайым жардамга кол сунат, адашып кетсең жолду көрсөтүп, туура эмес сүйлөп алсаң шылдыңдап күлбөй сөздүн туурасын айтып гана коюшат.

— Милан шаарында кыргыздар көп элеби?

— Миланда кыргыздар башка шаарларга салыштырмалуу аз. Ошентсе да бул жактагы мекендештер салтты бузбай Нооруз майрамын жылда чогуу белгилейбиз. Мындан 4 жыл мурун жалаң кыргыздар эле жолуксак, быйыл катарга Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген ар улуттун өкүлдөрү кошулду.

Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды
Фото Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды

— Шенген визасын алуу кыйын, сизде бул жаатта кандай болгон?

— 7 жыл мурун Шенген визасын ачуу оор болгон. Туристтик виза менен келип жумуш таап ошол аркылуу документ жасаганмын. Азыр бул жакка келүү татаалдашты. Италияга Африкадан, Украинадан келген мигранттар көп, мыйзамдары чектелип, башка өлкөлөргө мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Биз активисттер аракет кылып, кыргызстандыктарга шарттар түзүлсүн деген суроолорду көтөрүп келебиз. Жакында эле Тышкы иштер министри келип кетти, буюрса маселе чечилип калаар деген үмүттөбүз.

— Жаратылышы, тамак-аштарынан кеп салсаңыз? Кыргыздын улуттук тамак-аштарын жасап жейсиздерби?

Жаратылышы абдан кооз. Тоолордун башында айылдар орун алган. Жаңы келгенде кантип ошол үйлөрдү салышкан деп ойлоп таң калганмын. Тамак-ашы жагат, жеңил, куурулбайт. Сууга бышырылып, соустар менен аралаштырылат

Бурмачач Томоева

— Четте жүргөндө кызыктуу окуяларга туш болдуңузбу?

— Университетте бир долбоор жазып анын бет ачарын жасадык. Анда 4 кишиден турган топ дүйнө жүзүндө жок ресторандарды ойлоп чыгып, сайтын түздүк. Ага 2 ай короттук. Бет ачарын жасап жатканда биздин ойдон чыгарылган ресторан бар деп эл ишенип алды. Азия ашканасында жооптуу мен элем, кыргыз тамактарынын менюсун кошуп, өзүм манты жасап баргам. Окуу жайдын профессорлору мантыдан ооз тийип эле даамдуулугуна таң калышты. Алар кайра кайра биздин ойдон чыгарылган ресторандын дарегин сурашат, баягы рестораныбыз жок. Мен «бул жөн гана долбоор, Кыргызстанга барып ушундай тамак жеп келсеңер болот» деп университеттин жалпы жамаатына чоң жарнама жасагам.

Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды
Фото Бурмачач Томоеванын жеке архивинен алынды

Мурда бул жакта Кыргызстан деген өлкөнү билишпейт эле. Анткени мурун Европада Азияны Орусия деп кабыл алышчу, ал тургай биздин өлкөлөрдүн (Кыргызстан, Казакстан ж.б.) картасы жок болгон экен. Мындан улам, географияга кызыкпагандар билишпейт. Кыргызстандыкмын десең Курдистан деп ойлошот.

Акыркы 4 жылдын ичинде биздин ассоциация көп нерсеге жетишти. Азыр 10 италиялыктын экөө Кыргызстан тууралуу маалыматы бар. Буга бул жакта иштеп жүргөн ар бир мекендешибиздин салымы чоң.

Эң көп окулган жаңылыктар