15:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте салык мыйзамын бузган 19 ишкер аныкталды

Бишкекте салык мыйзамын бузган 19 ишкер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бильярд клубунда, мончо, сауна, сулуулук салону, унаа жуучу жайларда, алмаштыруу бюролордо жана стоматологияда кызмат көрсөткөн бир катар субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгы аныкталды.

«68 субъект текшерүүгө алынып, анын 19унда 250,8 миң сомго ар кандай бузуулар аныкталган. Анын ичинде милдеттүү патенттин жоктугу жана төмөндөтүлүшү, ошондой эле милдеттүү патенттөөгө тийиш болгон ишкердик чөйрөсүндө эмгектенген 49 жалданма кызматкерлердин патентсиз иштеген фактысы катталды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар