Учурда жаңжал чыккан Солтон-Сары кенинде абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, учурда аталган аймакта 100дөн ашуун киши чогулуп турат.
Эске салсак, буга чейин жергиликтүү тургундар кытай кызматкерлеринин аталган аймактан чыгып кетишин талап кылышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

