23:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акыркы 10 жыл аралыгында мигранттар Кыргызстанга 19 миллиард доллар которушкан

Акыркы 10 жыл аралыгында чет жакта жашап, иштеп калган мекендештер Кыргызстанга 19 миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңештин биринчи отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, бул убакыт аралыгында экспорттун көлөмү 18 миллиард долларды түздү. Ал эми келген инвестициянын суммасы 8,3 миллиард долларга жетти.

«Мигранттардын кошкон салымы биздин экспорттун көлөмүнөн жана түз инвестициялардын суммасынан ашып түшөт. Мигранттардын акча которуулары- курулуш, каржы, тигүү, унаа, товар жана кызмат, айыл чарба тармагына өнүктүрүүгө импульс болууда», -деди президент.

Ал кошумчалагандай, былтыр эмгек мигранттары жана мекендештердин колдоосу менен ар кандай 153 өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонддору ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар