18:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кеңеш. Балдарын медреседе окутууну каалаган ата-энелер үчүн маанилүү жагдайлар

Кыргызстанда 113 медресе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн. Учурда катталаган медреселердин арасынан 80ге чукулу чындап иштеп жатат. Жыл сайын медреселерге ар түрдүү себептерден улам балдарын берген ата-энелердин саны өсүүдө.

24.kg агентиги Булан институтунун диний билим берүүгө байланыштуу баяндамаларындагы урунттуу кеңештерди ата-энелер үчүн сунуштайт.

1

Медресеге баланы канча жашында берсе болот?

Медреселер мектепти 9-11-класстарды аяктаган гана балдар кабыл ала алат. Ал Конституцияда жана Билим берүү жөнүндө мыйзамда жазылган. Анда ар бир бала милдетүү түрдө мектепте окуп, милдеттүү түрдө 9-классты аякташы шарт. Медреселер болсо балдарды 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүгү менен гана кабыл алышы керек. Андыктан жашы жете элек баланы медресеге кабыл алуу жана медресеге окутуу мыйзам бузуу болуп саналат. Аны ата-энелер эске алганы оң.

2

Мыйзам талабы бузулган учурда ата-эне жооптубу, же медресе?

Кыргызстандын Конституциясында да, Билим берүү тууралуу мыйзамдын 16-беренесинде да ар бир бала милдеттүү түрдө жалпы орто билим алышы керектиги айтылган. Бул деген ар бир бала милдеттүү түрдө 9-класска чейин мектепте окушу керек жана жалпы орто билим бекер.
Ал эми Билим берүү тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде ата-эненин жоопкерчилиги да так көрсөтүлгөн. Ар бир ата-эне баласынын мектепте билим алышына, руханий жана физикалык жактан өнүгүшүнө шарт түзүүгө милдеттүү. «Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тарта турганы» мыйзамда так көрсөтүлгөн.

3

Эч жерде катталбай өз алдынча иш-жүргүзгөн медреселер барбы?

Мыйзамсыз иштеп жаткан медреселер дагы бар. Андыктан, ата-энелер сак болууну, эгер кандайдыр бир күмөн жараткан санаткан медресеге туш келсеңиз, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына же Булан институтунан тактоону сунуштайбыз.

4

Медреседе кандай сабактар окутулат?

Диний окуу жайларда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши бекиткен окуу программа аткарылат. Ошондой эле диний билим берүүнү тескеген жаңы жобого ылайык негизги 5 светтик сабактар окутулушу керек. Алар: Кыргызстан тарыхы, адам жана коом,диндердин тарыхы, Кыргыз тили,кыргыз адабияты.

5

Ата-эне медресинин шарты менен тааныша алабы?

Медресенин шарты менен ата-эне таанышууга укугу бар. Айрым медреселер жатаканасы бар Жана 3 маал тамак менен камсыз кыла турганын убада кылышат. Бирок, ал аткарылбаган учурлар да кездешет. Ошондуктан атан-энелер жума сайын барып текшерип турушу керек. Медреселер ата-энелер үчүн жабык болбошу керек жана алар каалаган учурда кирип, баласы кандай шартта окуп жатканын көрө алат.

6

Медресенин бюджети канча жана ал кайдан каржыланат?

Медреселер көбунчө демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. Андыктан бюджети туруктуу эмес. Кээде элден акча суроого дагы аргасыз болушат.

7

Медреселердин шектүү диний уюмдарга тийиштигин кантип аныктаса болот?

Мына ушул маселеге ата-эне өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Ар кандай диний агымдарга кирип кетпеген, Кыргызстандын тутунган дин багыты-ханафий мазхаб менен окуткан медресе болушу керек. Аны муфтияттан тактай аласыз.

8

Медреселерде кимдер билим берет?

Диний билими бар имамдар окутат. Айрым медреселерде мугалимдер жетишпейт. Кимдер сабак берет, медресенин окутуучуларынын квалификациясы кандай? Бул дагы маанилүү пункт. Ошондуктан ата-эне мугалимдердин курамына көңүл бурулушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар