17:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

6-11 класстар арасында республикалык олимпиада өтөт

6-11 класстардын окуучулары арасында республикалык математикалык олимпиада өткөрөт. Аны Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Швед мектеби уюштурат.

6-8-класстар үчүн олимпиада 2023-жылдын 5-мартында онлайн форматта бир этап менен өтөт. 9-11-класстар үчүн олимпиада эки этап менен, биринчи этап онлайн форматта өткөрүлөт.

I этапты (онлайн) онлайн форматта өткөрүү графиги:

— 6-7 — класстар үчүн — 2023-жылдын 5 -мартында саат 11:00дө башталат;

— 8-9 — класстар үчүн 2023-жылдын 5 -мартында саат 12:00дө башталат;

— 10-11-класстар үчүн 2023-жылдын 5-мартында саат 13:00дө башталат.

II этап — офлайн форматында 2023-жылдын 19-мартында саат 12.00дө башталат.

Олимпиаданын II этабына 9, 10, 11- класстардын алдыңкы (рейтинг боюнча) 20 орунду ээлеген окуучулар катышат.

Олимпиаданын II этабынын өтүлүүчү жери: Бишкек шаары, Борбор Азиадагы Америкалык университетинин негизги имаратында.

Эң көп окулган жаңылыктар