02:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айыл чарба жарманкеси. Жашылчаларды сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек

Бишкекте салт болуп калган айыл чарба жарманкеси ар дем алыш күндөрү уюштурулуп турат. Маалым болгондой, Октябрь районундагы Нуркамал көчөсүндө (Айтиев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши), Свердлов районунда Т. Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде, Ленин районунда «Жал» кичирайонундагы «Рахат-Лукум» кафесинин маңдайында, Биринчи Май районунда Скрябин менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктары сатылат.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

24.kg агенттиги айыл чарба азыктарын сатып алууда эске ала турган айрым кеңештерди тизмектеди.

Туура сактоо чоң мааниге ээ

Жашылчаларды сактоо үчүн идеалдуу температура −10, 12 градус. Алар кантип сактала турганы абдан маанилүү. Мисалы, помидорлор чоң ящиктерде самандан жасалаган «килемдин» түбүндө сакталышы керек. Эгерде сиз сатуучудан муну көрө албасаңыз, анда товарды сатып алууга шашылбаңыз.

Бадыраңдар картондон жасалган кутуларда жакшы сакталат. Үстү сөзсүз түрдө полиэтилен пакеттери менен жабылган болушу керек, бул ашыкча нымдын киришинен коргойт. Мындай бадыраңдар пайдалуу витаминдерди көпкө сактайт.  

 Курт-кумурскалар тандоого көмөктөшөт

Базардан жашылча сатып алууда көңүл бура турган нерсе- бул курт-кумурскаларга маани берүү. Эгерде жашылча сатылчу чатырдын жанында көп чымын учуп жүрсө, бул жаман белги. Анткени чымындар тез бузула турган азыктардын жытын дароо сезишет.

Бирок, дагы бир жагдайды эске алуу шарт, эгер помидорлого жана бадыраңдарга бир дагы чымын келип конбосо, анда товар табийгый эмес.   

 Пестицид жана башка уулуу заттардан кантип арылуу керек

Толугу менен арылууга мүмкүн эмес. Бирок, үй шартында жөнөкөй ыкмаларды колдонсо болот. Жашылча-жемиштерди жакшылап жууш керек. Ал тургай самын колдонсоңуз да болот. Тилекке каршы жууп гана пестициддерден арыла албайсыз, анткени уулуу заттар жашылчанын өзүнө сиңип кеткен.

Жашылчалардын кабыгын калыңыраак кылып кесип салыңыз. Ошондой эле уулуу заттардан бир аз да болсо арылууга уксус кошулган жылуу суу жардамга келет. 10-15 мүнөт сууга салып, андан кийин таза сууга чайкап коюш керек. Ошондой эле туздуу суу дагы колдонсоңуз болот. 

  Кандай жашылчаларды сатып алууга болбойт

Көлөмү адаттан тышкары чоң жана тегиз жашылчаларды, түсү өтө ачык болгондорду, жалбырагы калың жашылчаларды сатып албаңыз. Жашылча жана жемиштердин жыты аңкып турушу керек, жок дегенде бир аз. Эгер жыты таптакыр жок болсо, анда ал жашылчалар химикат менен тазаланган. 

Сатуучулардын куулугуна алданбаңыз

Базардан жашылчаларды ишенимдүү же тааныш сатуучулардан гана сатып алганга аракет кылыңыз. Кээ бир сатуучулар жашылчаларды муздуу сууга салып, товардын массасын 15-20 пайызга көбөйтүп коюшу ыктымал.

Мындай алдамчылыктан качып кутулууга болот. Сиз помидорду колго алып кичине кысып көрүңүз, эгер ал суусу бар капка окшошуп турса- аны албаңыз. Кээде сатуучулар баштыктын түбүнө чириген жашылчаларды тизип, үстүнө жакшыларын салып коюшу мүмкүн. Жалкоолонбой сатып алаардан мурда баарын карап чыгыңыз.  

 

 

Эң көп окулган жаңылыктар