07:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чачка туура кам көрүү. Айымдарга кеңеш

Чач аялдын көркү деп бекер айтылбаса керек. Ар бир эле аялзатын узун, жалтылдап турган жылмакай чач сулуу кылып көрсөтөт.

Бирок, узун чачты өстүрүш үчүн убакыт, эмгек керектелет. 17 жаштагылардын чачына жаштыктын өзү кам көрсө, 30 жаштан кийин аялдардын басымдуу бөлүгү чачтарын орто узундукта кармап, өздөрү кам көрө башташат. Ийинден төгүлүп турган олоң чачтуу болуш үчүн айрым кеңештер жардамга келет.

1

Азык-түлүк балансын сактаңыз

Бул жакта универсалдуу рецептин кереги жок. Ар бир адам өзүнө керектүү тамак-ашты тандап жей алат. Азык-түлүктүн балансын сактоо- ден соолукка пайдалуу. Ошондо гана чачыңыздын өсүшү активдешет. Ал үчүн витаминдер жана микро элементтер керектелет. Азыктар белокко жана кальцийге бай болушу керек.

Мисалы, күнүнө 300 грамм быштак жесеңиз, бир ай аралыгында сиз күткөн жыйынтык келет. Чачтарыңыз катуу, кайраттуу болуп анын сулуулугуна таасирин берет. Мындан сырткары көп суу ичип туруу сунушталат. Ден соолуктун абалы чачтын өсүшүнө түздөн-түз таасирин берет.

2

Учтары ача болгон чачтардан арылыңыз

Учтры ача болгон чачтардан арылыңыз. Алгач жабыркаган чачтарды кесиңиз. Мындан ары бир канча айда бир жолу 3-5 миллиметрден кылып чачтын учун кыскартып туруңуз. Себеби, ача тартып чачтын көркүн бузат. Андай чеч өз сулуулугун жогото баштайт. Кээде ал чачтын түшүшүнө алып келет.

Мындайда туура тандалган шампунь көйгөйдү чече алат. Бирок, элдик ыкманы колдонсоңуз, капчыгыңызга пайда. Чачты жуурдан мурун учуна өсүмдүк майын сүйкөп, 5-7 мүнөт тыныктырып коюп кою керек. Анан жууп салыңыз.

3

Агрессивдүү чач боектордон жана электроникадан баш тартыңыз

Электрондук жабдыктарды аз колдонгонго аракет кылыңыз. Ал тургай баш тартыңыз. Алар чыныгы душмандар, анткени ысык -чачтын өсүшүнө тескери таасирин берет, табийгый жылтырак өңүн бузат. Ошондой эле курамында аммиак болгон чач боекторду колдонбоңуз. Фенден баш тартыңыз.

4

Чөп кайнатмаларын жана эфир майларын колдонуңуз

Чачты ысык суу менен жуубаныз. Чайкап жатканда чөп тундурмаларын колдонуңуз. Эфир майларынан курамында цитрус болгонун колдонуу -абдан эффективдүү. Чачты мүмкүн болсо жыгач тарак менен тараган оң. Чачты өстүрүп жатканда өрүп же түйүп алуу керек. Кое берилген чачтар жабыркашы мүмкүн. Катуу резина жана чач тагынчактарын такыр колдонбоңуз.

5

Чачыңызга маска колдонуңуз

Чачыңызга маска коюңуз. Кесипкөй маскаларды жана элдик ыкмаларды колдонуңуз. Алардын курамына көнүл буруңуз. Башыңызга укалоо жасатыңыз, бул чачтын өсүшүнө оң таасирин берет.

6

Муздак суу менен чайкаңыз

Башты жууп буткөндөн кийин сөзсүз түрдө муздак суу менен чайкап коюңуз. Бул нымдуулукту жоготуудан сактайт.

 

 

Эң көп окулган жаңылыктар