07:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кеңеш. Аттракциондордогу коопсуздук эрежелерин эске ала жүрүңүз

Ар түркүн түскө боелгон селкинчектер, үйлөмө батуттар, жаңырган музыка, балмуздактын түрү. Мунун баарын аттракцион парктарынан кезиктире алабыз. 

Ар бир бала үчүн аттракцион парктарына баруу -өзгөчө майрам сыяктуу. Балдарды аттракциондорго түшүрүп коюп, аларга көңүлдүү күн тартууладым деп ойлоо жетишсиз.

Кичинекейлерге жакшы маанай тартуулоо үчүн, алдын ала коопсуздук эрежелерин эске ала жүрүңүз.

1

Балаңызга ылайыктуу кийим жана бут кийим кийгизиңиз

Балага бутуна чак, жакшы отура турган бут кийим кийгизиңиз. Аттракционго түшкөндө баланын бутунда араң турган бут кийим ыргып кетип, көйгөй жаратышы мүмкүн. Бир чети наристеңиз бут кийимин алам деп алаксып калат. Буюмун издеп ордунан тура калышы толук мүмкүн. Ал эми кыймылда болгон аттракциондо эки кол менен карманып гана туруу керектигин жакшы билесиз. Экинчиден өзүңүз дагы бут кийимди издөөгө мажбур болосуз.

Эл жыш жайгашкан жайларда балдардын адашып кетүү коркунучу бар. Бул үчүн алардын чөнтөгүнө ата-энелердин дареги, телефон номуру жазылган кагазды салып коюу жетиштүү. Ачык жана түстүү кийимдер, баш кийим жана кыздардын чачка тагыла турган ири көлөмдөгү тагынчактары кичинекейиңизди оңой жана тез таап алууга жардам берет. Эн жакшысы баланы колуңуздан чыгарбаганыңыз дурус.

2

Курсагын кампайта тойгузбаңыз

Эс алуу жайларында кафе, көчмө ашканалар иштейт. Балдардын курсагы ток болуп турса деле, мындай жайлардын жанына келгенде дароо «курсагы ачат». Бул учурда чүрпөңүздүн каалаганын алып берип, курсагын өто кампайтпаңыз. Анткени, аттракционго түшкөндө көңүлү айнып кусуп жибериши ыктымал. Эң жакшысы -баланы үйдөн алып чыгаарда курсагын жакшы тойгузуп алганыңыз. Биринчиден үйдө жасалган тамак-аштын зыянсыз экенин билесиз. Сырттан алып берген азыктан балким уулануу болушу мүмкүн.

3

Жаш курагына жараша аттракцион тандаңыз

Аттракционго билет сатып алаардан мурун, балаңыз үчүн туура келеби же жокпу текшериңиз. Бул үчүн аттракционду пайдалануу эрежеси менен таанышсаңыз жетиштүү болот. Анда баланын жаш курагы, бою, салмагы, ден соолугунун жарамдуулугу сыяктуу талаптар илинип турат. Эгерде сизди кызыктырган суроого жооп ала албасаңыз, жооптуу кызматкерге кайрылыңыз. Эгерде күмөн жаратып жатса, андан аттракцион техникалык көзөмөлдөн өткөнбү, тиешелүү документтери барбы, текшериңиз. Айрыкча көчмө аттракциондорго көңүл буруңуз.

Аттракциондор жаш курагына жараша эсептелген. 2 жарым жаштан өйдө жана 7-8 жашка чейинки балдар үчүн атайын аттракциондор болот. Баланын ден соолугу жайында болбосо, аттракционго отургузбаңыз.

4

Коопсуздук курун сөзсүз тагуу керек

Аттаркционду тандап, билет алып отурууга кезек келди дейли. Балага отура турган жерге чуркап барбоону эскертиңиз. Бирин-бири түртүшүү, жөөлөп кетүү өтө кооптуу, балдар кулап кетиши мүмкүн. Жооптуу кызматкер пуск кнопкасын басуудан мурун балдардын баарын тегиз отургузуп, коопсуздук курун текшериши зарыл.

Оюн маалында баланын колунда оюнчук болсо, аны алып салуу керек. Анткени катуу кармаш үчүн, баланын колу бош болушу керек.

Балдарга аттракцион буткөнгө чейин коопсуздук курун чечпөөнү эскертиңиз. Ордунан турууга, айланууга, колун көтөрүп аттракциондун кыймылдагы бир бөлүгүн кармоого, жанындагыга тоскоолдук жаратып аны түртүүгө болбой тургандыгын айтыңыз.

5

Аттракционго түшүү маалында тамак жеп же суу ичүүгө тыюу салынат

Чүрпөңүздүн оозунда сагыз же таттуу калбаганына көңүл буруңуз. Аттракционго түшүү маалында тамак жеп же суу ичүүгө тыюу салынат, бала какап калышы мүмкүн.

Айрым ата-энелер балдары сүрөткө тартып алуу макстында, аттракциондун жанына туруп алышат, бирок бул өтө кооптуу. Кокус айланып жаткан аттракциондун тетиги учуп кетип денеге оор жаракат бериши мүмкүн.

Эгерде бала коркуп же ыйлап жаткан болсо, персонал техниканы дароо токтотушу керек. Эгерде балаңыздын өңү кубарып, өзүн жаман сезип, алсыз боло баштаса механикке дароо кабар бериңиз.

6

Батутка баланы өзү теңдүүлөр менен киргизгенге аракет кылыңыз

Үйлөмө батутта секирип, тоголонууга бут кийимди чечкен соң гана уруксаат берилет. Мында кирген балдардын саны чектелүү болушу керек. Кичинекейиңизди чоң балдардын арасына таштабоого аракет кылыңыз. Баланы өзү теңдүү балдар менен бирге киргизиңиз.

Чондор менен балдарга батуттун электрдик моторуна барууга тыюу салынат. Кармоого болбойт.

Батуттан ылдый түшүүнүн өз эрежелери бар. Отуруп жана аркасына жатып бутун узатып түшүүгө болот. Ал эми башы менен ылдый карап ичи менен түшүү өтө кооптуу. Бала мойнун кайрып алышы толук ыктымал. Ошондой эле туруп алып түшүүгө болбойт. Бири бирин кармап, поезд болуп түшүү дагы кооптуу.

7

Баланы эч качан эски аттракционго отургузбаңыз

Сырты сырдалып турса дагы эч качан эски аттракциондорго баланы отургузбаңыз. Эски тетиктер иштен чыгып, кырсыкка алып келиши мүмкүн. Эгерде аттракциондордон жаракат алган болсоңуз, аны жаап жашырып койбой, тиешелүү органдарга билдириңиз. Сиздин арызыңыз кийинки боло турчу кырсыктардын алдын алышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума