15:34
USD 86.80
EUR 91.17
RUB 0.82

Кечки сейил, ысык душ жана чай. Уйкунун бузулушун алдын алуу үчүн кеңештер

Уйкунун бузулушу- кыжырданууга, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана нерв системаларынын абалынын начарлашына алып келет. Өнөкөт уйкусуздук апноэ сыяктуу (дем алуунун токтоп кылышы) олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Адам өз жашоосунун үчтөн бир бөлүгүн уйку менен өткөрөт. Түш көрүү — бул организмдин нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон табигый физиологиялык процесс. Түшүбүздө биз күчүбүздү калыбына келтирип, күнү бою топтолгон маалымат «жыйнагын» сиңирип жана оору менен күрөшөбүз.

24.kg агенттиги уйкунун бузулушун алдын алуу үчүн айрым кеңештерди жазып чыкты.

1

Тамак-ашка көңүл буруңуз

Күнүмдүк тамак аш рационуна көңүл буруңуз. Жашылча, жер-жемиштерди көп колдонуп, майлуу эттен, куурулган азыктардан баш тартканыңыз оң. Ошондой эле, таттууларды чени менен жеңиз. Уктаар алдында кофе ичкенге болбойт, бул уйкуңузду качырат.

2

Отуруп иштеген жашоо образдан качыңыз

Бир орундан жылбай көпкө отургандар (кеңседе отуруп иштегендер) жана спорт менен машыкпагандар жеңил уктайт дегендер калп айтышат. Аларда кеңседен чыкпай отуруп, уйкусу келгендей же соолугандай түр көрсөткөнү менен, уйкусуздук көйгөйү кеңири таралган. Көпкө дейре кыймылсыз отурган киши гормоналдык өзгөрүүлөргө тушугуп, бул уйкусуздукка алып келет.

Көйгөйдү чечүүнүн бир жолу -спорт менен машыгуу. Сөзсүз түрдө эле спортзалга жазылуунун кажети жок, короодогу спорт аянтчасына барып чуркап, жөнөкөй кыймылдарды жасаса болот. Турникке тартылып, отуруп туруу жетиштүү. Кечки машыгууларды уктаардан 2-3 саат мурун жасаңыз, антпесе организм чыңалып, уктай албай кыйналасыз.

3

Таза аба менен дем алыңыз

Бөлмөнү желдетип туруу -ооруган кишилерге гана тиешелүү эмес. Таза аба -ден соолугу чың адамдарга да керек. Кычкылтектин мол болушу мээнин иштешине оң таасирин берет. Кышкысын бөлмөнү тез-тезден бирок кыска мөөнөткө, жайкысын узак мөөнөткө желдетип туруу керек.

4

Көңүлдү көтөрүп, мээни эс алдыруу зарыл

Уйкусуздуктун дагы бир себеби - мээнин такай чыңалуу абалында болушу. Кийинки күнгө план түзүү, кандайдыр бир чечимдерди издөө, ал тургай компьютердеги оюндарды узакка ойноо- мээнин узакка чыңалуусуна алып келет. Мындай абалдан чыгуу үчүн, сүкүткө түшүү же кызыктуу китеп окуп, тасма көрсөңүз жетиштүү. Бирок, корукунучтуу жана согуш тууралуу тасмаларды көрүүгө болбойт.

5

Алкоголду аз өлчөмдө колдонуңуз

Кээ бир адамдар уйкусуздук маселесин алкоголдун жардамы менен чечишет. Чынында жарым бокал шарап уйкусуздук маселесин чечиши мүмкүн, бирок көпчүлүк анын туура дозасын таба албай, көйгөйүн тереңдетип жиберет.

6

Уктоого ыңгайлуу шарт жана күн тартибин сактоо

Кээде уйкусуздукка туура эмес матрас, катуу же бийик жаздык, дубалдын өңү таасир этиши мүмкүн. Көйгөйдү чечүү үчүн ыңгайлуу буюмдарды тандаңыз.

Уйку режимин балдар гана эмес чоңдор дагы сакташы керек. Бир убакты белгилеп күнүгө ошол маалда жатып уктоого аракет кылыңыз. Ал тургай дем алышта да бул ыкманы карманыңыз.

7

Кечки сейил, ысык душ жана чай

Кечки сейилдөөнүн тынч уктоого жардамы чоң. Ал эми ысык душ, же ванна стресстен арылтат. Классикалык музыка, лаванданын жыты жана ромашка менен демделген чай жакшы уйкуга кепилдик берет.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-декабрь, шейшемби