14:37
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Исаев: Батукаевдин бошотулушу Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен ишке ашкан

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен ишке ашкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал Азиз Батукаевдин бошоткон Нарын шаарынын соту Жапар Эрматов парламенттин депутаттарынын каршылыгына карабай кайра сот кылды.

«Аны менен Атамбаев кыргыз элин шылдыңдаган. Атамбаевден көрсөтмө болбосо, башкы прокурор, Жаза аткаруу кызматы, сот — эч ким кримтөбөлдү бошото алмак эмес», — дейт ал.

Канат Исаев Алмазбек Атамбаев криминалдык чөйрөнүн башка өкүлдөрүнө дагы боштондук берип, колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

«Канча жылга соттолгон Эркин Мамбеталиевди актады. Ал азаттыкка чыгып, канча пансионат, хан сарай курду. Уюшулган топтун мүчөсү Алмаз Бокошовду алып келип, КСДПнын атынан депутат кылды», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар