Жасалма документтерди колдонгон чет элдик жаран Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, анын жанында жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк бар экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү (Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

