09:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кубатбек Боронов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эки күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Сапардын биринчи күнүндө Кубатбек Боронов Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан Көчкү-Булак участогунда кар көчкүдөн коргоочу жабык галереянын курулушу менен таанышты. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул узундугу 460 метр объектти үч жылдын ичинде аяктоо пландалууда.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Камбар-Ата ГЭС-2 жана Токтогул ГЭСине барып, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Гидроэнергетикалык объекттерде ал кызматкерлердин иштөө шарттары, жабдуулардын абалы менен таанышып, алдыдагы күз-кыш мезгилин өтүүгө даярдыктарды адистер менен талкуулады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби