20:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт

Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бирифингде билдирди.

Анын айымында, аймактык бийлик коронавирус инфекциясына жана пневмонияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүшүнө даяр болууга тийиш.

"Бишкек шаарында ооругандардын санынын көптүгүнө байланыштуу ооруканалар ыкчам толуп, стационарларда медицина персоналы жетишпей жатат. Аймактарда бул жагдайдын кайталанышына жол бербөө керек. Учурда Бишкек шаарында тамчылатма ийне саюучу жана зарыл жардам көрсөтүүчү дарыгерлер, медайымдар жетишпей жатат. Жер-жерлерде ушул маселелердин баары эске алынсын", - дейт Кубатбек Боронов.

Премьер-министр аймактарда калктын санына жараша дары-дармектердин запасын толтурууну, жетишпеген учурда токтоосуз түрдө Саламаттык сактоо министирлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине кайрылууну тапшырды.

«Тажрыйба көрсөткөндөй жөн гана орундар керек эмес. Жер-жерлерде орто жана оор абалдагы бейтаптар үчүн керебет-орундарды даярдоо зарыл. Оорусу жеңил өтүп жаткандар үчүн күндүзгү стационарларды уюштуруу шарт. Ошол эле учурда медицина кызматкерлери маселесин чечүү абзел, анткени ансыз биздин аракеттердин жыйынтыгы болбойт", - деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар