02:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдөгү абал турукташса алгач Россия, Түркия жана Арабия каттамдары жанданат

Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо алгач Россия, Турция жана Араб эмираттарынан каттамдар жанданат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал жакшырып, туруктуу болсо эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

«Эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар. Өзүңүздөр билгендей тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар,Ттышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылаары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Биринчи иретте каттамдар Россия, Турция, Араб эмираттары тараптан жүргүзүлөт», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар