21:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кубатбек Боронов: Ооруканаларды куруу иши ушул жумада башталууга тийиш

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын куруу иши ушул жумада башталууга тийиш», — дейт премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында.

Анын айтымында, медициналык мекемелерди куруу үчүн жер тилкелери, ошондой эле долбоорлор даяр. Бул курулушка Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жооптуу. Ал эми ооруканаларды керектүү медициналык шаймандар менен жабдуу жана кадр даярдоо жоопкерчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Мындан тышкары, региондордогу бош имараттарды ооруканаларга айландыруу чечими кабыл алынды.

«Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте мындай имараттарды тез арада оңдоп-түзөөгө бериши керек. Бир айдын ичинде алар 100гө жакын керебетке ылайыкташтырылган медициналык мекеме катары ишке кириши керек жана анын ичинен 25-30 керебетин реанимация бөлүмдөрүнө берүү абзел», — деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө региондорго кошумча керебеттерди даярдоо маселеси талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе боюнча Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын башчыларынын алып барган иш-аракеттери жетишсиз деп белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума