12:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дем алыш күндөрү медицина кызматкерлери үчүн атайын транспорт уюштурулат

Дем алыш күндөрү медицина кызматкерлери үчүн атайын транспорт уюштурулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде маалымдады.⠀

«Эс алуу күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт. Буга байланыштуу медкызматкерлерди алып келүү, жеткирүү боюнча транспорт уюштурулат. Бул маселенин үстүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги мэрия менен биргелешип иштейт», — деди Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, буга чейин дем алыш күндөрү коомдук транспорт токтотулары жана иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин, 17:00дөн 21:00гө чейин каттаары айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби