18:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Дары-дармектердин баасын көтөргөн компанияларга акыркы эскертүү берилди

Эгерде фармацевттик компаниялар дары-дармектердин баасын төмөндөтпөсө, өкмөт мамлекеттик көзөмөлгө алат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөт башчысы бул акыркы эскертүү экенин белгилеп өттү.

«Белгилүү болгондой, ушуга чейин үч фармацевтикалык компанияга кылмыш иши колгозгон. Эл айрым препараттарды таба албай жатышат, анын үстүнө баасы да жогору. Фармацевтикалык компаниялар дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөөнү убадалашкан. Эгер алар убадаларын аткарышпаса, анда биз керектүү документтерди топтоп, баа саясатын мамлекеттик көзөмөлгө алабыз», — дейт Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, жарандар дары-дармектердин кымбаттап кеткендиги тууралуу бир нече ирет даттанышкан.

Буга чейин дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти, бааларды көтөргөн фармацевтикалык компанияларга лицензияларын кайтарып алуу боюнча катуу эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар