16:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү тобу менен кылмыш жасашат

Бишкекте өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү тобу менен кылмыш жасашат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отурумунда шаардык прокурордун орун басары Инзилбек Абралиев билдирди.

Айтымында, былтыр өспүрүмдөр тарабынан 383 кылмыш жасалган. 2017-жылы −157. Ал кошумчалагандай, быйыл кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайды. Айрыкча уурулук азайганы байкалууда.

«Жашы жете элек балдар көбүнчө уурулук кылышат же талап-тоноого барышат. Статистика боюнча, ар бир үчүнчү кылмыш топ болуп жасалат», -деп билдирди прокурордун орун басары.

 
Эң көп окулган жаңылыктар