Ички дүң продукциянын көөлөмү 4,8 пайызга өсүп, 48 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январына салыштырмалуу 5,7% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,3% өстү.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,9%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 29,4% түздү. Муну менен бирге, ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20,1% түздү жана 1,1 пайыздык пунктка өстү, айыл чарбасынын үлүшү 7,3% түздү жана 0,1 пайыздык пунктка көбөйду, ал эми курулуштун үлүшү 2,0% түздү жана тескерисинче
0,1 пайыздык пунктка кыскарды.