08:05
USD 81.67
EUR 96.08
RUB 1.05

Бишкектик тургун: ПРООНдун кеңсесинин каршысында мал жайылып жүрөт

Рыскулов менен Исанов көчөлөрүнүн кечилиш аймагында газондо мал жайылып жүрөт. Окурман 24.kg агенттигине билдирди.

«Койлорду кандайдыр бир карыя кайтарып калат, кээде мал кароосуз эле жайылып жүрөт. 6 даана кой. Көчөгө чыга калышы мүмкүн да, ал эми анын маңдайында ПРООНдун кеңсеси орун алган», -деп жазган окурман.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаардык кеңешинде баш калаанын ичинде ири мүйүздүү мал кармоого тыюу салууну сунушташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар