3-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −5...-10, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8°, күндүз 13...15° болот.