11:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек шаарына 141 жыл. Мыкты көк-бөрүчүлөр аныкталды

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына арналган көк-бөрү жана ат оюндары боюнча мэриянын кубогуна болгон мелдеш аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, көк-бөрүнүн жеңүүчүсү Свердлов районунун «Келечек» командасы аталды. Алар 350 миң сом өлчөмүндө байге алды. 

Экинчи орунга 200 миң сом каралып, Ленин районунун «Четинди» командасы алды. Коло байгени жана 100 миң сомду Чүй облусунан келген «Ак-Жол» командасы илип кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар