05:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сот отурумунан качып кетип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Былтыр сот отурумунан качып кетип, мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн К. Назаров Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылы «Аксыалтын голд» ЖЧКсынын директору К. Назаров мыйзамсыз баюу максатында, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп, расмий отчетторго жалган маалыматтарды киргизишкен. Алар алдоо жолу менен ишенимди кыянаттык менен пайдаланышып, Сауксай алтын кени чыгуучу жерде 190 килограмм алтын бар деп жалган көрсөтүшүп, 1 200 000 АКШ долларына товардык-материалдык баалулуктар үчүн лицензияны сатып, мамлекеттик бюджетке тиешелүү төлөмдү чегерген эмес.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 15-апрель күнү шектүү катары К. Назаров кармалып, 2018-жылдын 17-апрель күнү бөгөт чарасын кароо учурунда Бишкек шаарынын Лерин райондук сотунун отурум залынан качып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар