13:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта тергөө соттору иштеп баштайт

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта тергөө соттору иштеп баштайт. Бул тууралуу Президенттин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңештин отурумунда Жогорку Соттун башчысы Гүлбара Калиева билдирди.

«Мыйзам долбоору боюнча тергөө сотторунун 50 штаттык бирдигин ачуу каралган. Азырынча алардын милдеттерин 64 жергиликтүү соттор аткарышууда», -деди ал.

Айтымында, 225 сот жана соттор аппаратынын 107 кызматкери 2019-жылы күчүнө кире турган жаңы кодекс боюнча окушкан. 30 сотко автоматташтырылган маалыматтык система киргизилди.

«Биздин система болгону 8,3 пайыз каржыланган. Президенттен жана өкмөттүн аппаратынан каражат жагынан жардам берүүсун суранат элек», -деди Гүлбара Калиева.

Эң көп окулган жаңылыктар