06:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент: Реформанын өзгөчөлүгү соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзгөндүгүбүз

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков соттук реформалар боюнча отурумда 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын жана эски кодекстерден айырмачылыгын айтып берди. 

«Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Жумушчу топтун маалыматы боюнча, дагы эле эскиче ой-жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат», — деп белгиледи Президент.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума