02:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Банкоматтарды талкалап, акча каражатын уурдап жүргөндөр кармалды

Банкоматтарды талкалоо жана акча каражаттарын уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, банкоматтарды талкалап, акча уурдоо боюнча биринчи факты Талас облусунда катталган. 2018-жылдын 12-декабрында белгисиз адамдар Талас районунун айыл өкмөтүнүн имаратына киришип, иш бөлмөдөгү сейфти талкалап 31 миң сомдон ашык өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмышкерлер андан сырткары «Бакай Банк» банкоматынын арткы бөлүгүн талкалашып, 801 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.  

Жалпысынан 833 миң сомдон ашык материалдык зыянга учураткан.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун аймагында экинчи банкоматты талкалоо фактысы катталаган. 2019-жылдын 2-февраль күнү кечинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында белгисиз адамдар «РСК-банк» банкоматын талкалашып, аны уурдоого аракет кылышкан. Келтирилген чыгым 1000 000 сомго бааланууда.

2019-жылдын 9-февралынан 10-февралына караган түнү Араван районунда жайгашкан «КБ Кыргызстан» банкынын банкоматын белгисиз адамдар ичинде калган 900 300 (тогуз жүз миң үч жүз ) сом акчаны банкоматты күч колдонуп бузуу менен акчаларды уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Ошондой эле, 2019-жылдын 3—мартка караган түнү Ош шаарындагы Филармониянын артында жайгашкан «КБ Кыргызстан» банкынын банкоматын талкалап, банкоматтын ичинен 1 миллион 500 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Болжолдуу маалымат боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 миллион сомдон ашык.

Аталган кылмыш иштерине тиешеси бар делген жарандар колго түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар