Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында митинг өтүп жатат.
150гө жакын тарапташтары Садыр Жапаровду эркиндикке кое берүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, экс-депутат дайыма жемкорлук менен күрөшүп, экологияга кам көрүп келген.
«Эгерде соттор тозоктон коркушса, анда адилеттүү чечим чыгарсын», -деди нааразы болгон аял.
Бүгүн Жогорку сотто экс-депутаттын мөөнөтүн кыскартуу каралууда.