04:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кеңеш. Өз колуңуз менен күнөскана куруп алыңыз

Бакчаңызда өз колуңуз менен куруп алган күнөскана болгон болсо, кандай гана жагымдуу. Кеп базардан жашылчаларды сатып албай, каражатты үнөмдөөдө эмес, кеп күнөскананы өзүбүз үчүн чын дилибизден куруп алганыбызда. Мындан улам, күнөсканада өскөн помидор, бадыраң жана башка жашылчалар бизге өзгөчө даамдуу болуп сезилет.

24.kg агенттиги күнөсканалардын түрлөрү жана аларды кантип куруу керектиги тууралуу маалымат даярдады.

1

Күнөскананы кандай формада салган оң?

Күнөсканын курулушу боюнча бир нече түрү бар. Алар: Жаа өткөөл түрүндө, бир жагына жантайган, эки жагына жантайган.

2

Жаа өткөөл түрүндөгү (арочный) күнөскана

Жаа өткөөл түрүндөгү күнөскананын чатыры жаа сымал болот. Мындан улам, күндүн нуру жаа сымал чатырдан тегиз таралып, жашылчага жарык тегиз тийип, жылуулук көп берилет. Кышкысын мындай күнөскананын чатырына кар топтолуп калбайт. Эгер сиз каркасын жана фундаментин кынаптап орноткон болсоңуз, анда күнөсканаңыз бузулуп калат деп коркпой эле койсоңуз болот.

3

Бир жагына жантайган күнөскана

Эгер сиздин жер тилкеңиз тар болсо, анжда жантайган күнөскана салыңыз. Алардачалык курулуштун дубалына, же башка имараттарга туташып турат. Мындай курулуш аркылуу дачалык жер аянтын, акча каражатын үнөмдөп кала алысыз. Эгерде күнөскана тутушкан имарат жылытыла турган болсо, андан бетер жакшы. Бирок, тилекке каршы бир жагына жантайма күнөсканалардын чатырына кар топтоло бергендиктен, аны тазалап турууга туура келет.

4

Эки жагына жантайган күнөскана

Бул күнөсканалар көп колдонулат. Анын чатыры 3 бурчтук түрүндө. Мындай күнөсканалардын ичи сиз үчүн жана өсүмдүктөр үчүн абдан кенен болот. Кээ бир дача тургундары ушундай күнөсканаларды эс алуучу жай катары жасап алышат. Эки коенду бир ок менен атып, эс алып дагы, пайдалуу иштер менен дагы алектенишет.

5

Мезгилге жараша күнөскана иштетүүгө болобу?

Ооба, кышында гана эмес, жайында дагы иштей турган күнөсканалар бар.

6

Кышкы күнөскана

Кышкы күнөскана сөзсүз түрдө жылытылышы керек. Ошон үчүн үйдүн коммуникациялык системасына жакыныраак жерге курууну пландаганыңыз оң. Анткени жылытуучу түтүктөрдү борбордук жылытуу системасына туташтырасыз. Дагы бир вариант, күнөскананы меш менен жабдуу керек. Бирок, бул ашыкча түйшүк. Мешти тынымсыз жагып туруу керек. Ошондой эле температураны көзөмөлдөп туруу зарыл. Кышкы күнөскананы куруу үчүн, алгач фундаментин бекем тургузуп, андан кийин негизин орнотуу керек. Калың жааган кардан улам чатыр кулап калбаш үчүн, аны бекем куруу шарт.

7

Жайкы күнөскана

Каркасы калың полиэтилен пленка менен тегерете тигилген күнөсканаларды жайкы күнөсканалар деп аташат. Бул эң жөнөкөй жана арзан варианты. Дыкаттык менен тигилген полиэтилен пленка эки сезонго чыдайт.

Мындай күнөсканалар үчүн жыгачтан жасалган каркас колдонулат. Полиэтилен пленкалары кадимки мык менен бекитилет. Бул сыяктуу күнөсканаларды куруунун эч кыйынчылыгы жок. Курулуш иштеринен кабар жоктор деле өз колдору менен жасай алышат. Айрымдары жыгач каркастын ордуна пластикалык поливинихлориддик (ППХ) түтүктөрдү колдонуп жүрүшөт.

8

Күнөсканаларды курууга жерди канча метр казуу керек?

Жерди тереңдиги ар кандай казылат. Айрымдарга жер казуунун кереги жок. Мисалы, термос күнөсканаларды куруу үчүн жерди 2 метр тереңдикте казуу керек. Анда чуңкур казып, фундаментти бекитип, термоблоктор менен дубалын салып, жылуулайт.

Эң көп окулган жаңылыктар