20:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 13...18°, Талас өрөөнүндө 12...17°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 14...19°, Ысык-Көл ойдуңунда 11...16°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 10...15° жылуу, тоолуу райондордо −3° сууктан...+2° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума