Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу 6-апрелде башталат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл өлкө чемпиондугу үчүн 8 футболдук клуб ат салышат. Алар «Дордой», Ош шаарынын «Алай», «Академия-Лидер», Бишкек шаарынын «Алга», «Илбирс» жана Кант шаарынан «Абдыш-Ата» командалары.
Премьер-Лиганын 1-туру 6-апрелде башталып, 7-апрелде жыйынтыкталат.
Беттештердин графиги:
6-апрель:
«Абдыш-Ата» — «Илбирс»
«Алай» — «Кара-Балта»
7-апрель:
«Дордой» — «Академия-Лидер»
«Алга» — «Нефтчи»