06:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Асел Касымова: Азыркыдай шарт болгондо «Кыз-Бурактан» кетпей жүрө бермекмин

«Эркелеп», «Сулуу жигит», «Жалгызым» аттуу ырлары менен элге таанымал ырчы Асел Касымова «Кыз-Бурак» тобунда ырдап калган. Учурда анын аткаруусунда 14 ыр бар, анын жарымына клип тартылган.

Ырчы айым ОшМУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган. Ал «Кыз Бурак» тобунан алган таасирлери жана азыркы чыгармачылыгы тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Асел Касымованын жеке архивинен алынды
Фото Асел Касымованын жеке архивинен алынды

— Жакында эле Баткен облусуна гастролдоп барып келиптирсиз, жеке концертиңиз менен бардыңызбы?

— Гастролго жеке концертим менен барган жокмун, ырчы иним Данияр Эрматовду колдоп кыдырып келдим. Анын үстүнө экөөбүздүн менеджерибиз да бир. Чогуу 10 күн Баткен, Лейлекти кыдырып, жергиликтүү элге ыр тартууладык.

Азыркы гастролдор мурункуга салыштырмалуу бир топ эле айырмаланат, Азыр эс алып эле жүрөбүз десек болот. Мурда ырчылар айлап, 2 айлап ар бир облустун майда айылдарынан тарта ири шаарларына чейин кыдырышчу. Ал убакта интернет жок, эл менен байланыш сахна аркылуу болчу.

— Сахнага качан, кантип чыкканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Сахнага чейин бий ийримине катыштым, мындан улам ырчылардын аркасында бийлеп турчубуз. Кийин мен 7-8-класс окуп жүргөндө апам 20 жылдыкка барып калып, ал жактан Кенже эже менен сүйлөшүптүр. Үйгө келип ««Кыз Буракка» барып көр, Кенже «алып келип көр» деп айтты», -деди. Мен макул болуп бардым, бир жумага жетпей гастролго чыгып кеткенбиз. 

Мен алгачкы устаттарым катары «Кыз Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду эсептейм.

— Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— «Кыз буракка» келгенде 7-класста болчумун, ал кезде балалык кылып 1-2 айлап гастролго кетеримди билчү эмесмин. Башында мектептеги мугалимдер мени куттуктап, сүйүнүшсө, кийин өздөрүнүн талаптарын коё башташты: алдыда же сабак же сахнаны тандаш керек болду. Ошентип, топто 2 жыл иштегенден кийин сабакты окуйм деп чыгып кеткем.

Кийин 1-2-курста да кыйынчылыктар болду. Бирок, ушунчалык мүнөзүм такшалып калыптыр, оңой менен бир нерсеге сынбайм.  

Асел Касымованын жеке архивинен алынды
Фото Асел Касымованын жеке архивинен алынды

— 2 устаттан кийин продюсер менен иштешкен жоксузбу?

— Жок, мен жалгыз бөлүнүп кеткенден кийин продюсердин жардамына муктаждыгым болгон жок. Баардык ишти өзүм алып кеткенге көзүм жетет. Жеке чыга баштаганда колдоочуларым ата-энем болду, демөөрчүлөр менен иштөө оюма да келген жок. Себеби, алгандын бергени да болот, "ач болсоң да тынч бол" деген принципти карманам. Албетте, баардык нерсенин түйшүгү болот, бирок өз кесибимди жакшы көрөм, түйшүгү унутулуп калат.

Ушак башка кесип ээлеринде да болот, болгону сахна кишилери эл көзүндө жүргөндүктөн бат тарап кетет. Бул нерсеге башында баары кыйналышат, бирок баарына чыдаган ырчылардын көбү темир болуп калышат.

Асел Касымова
Сахнанын аркасындагы түйшүк -адам көтөрө алган эле түйшүк.

— Каражатты кайдан табасыз?

— Тойлорго чыгабыз, азыр ырчылар той аркылуу каражат табат. Концерттен көп пайда жок, ал элге берилген отчёт. 

Асел Касымованын жеке архивинен алынды
Фото Асел Касымованын жеке архивинен алынды

— Айымдардын ортосундагы достукка ишенесизби? Ырчы Анжелика менен сиздин сырткы келбетиңизди көпчүлүк окшоштурушат экен, сиздин пикириңиз?

— Айымдар ортосунда достуктун туруктуу болушу көп учурда кыйын болот, бирок өтө сейрек санда кездешет. Бул нерсени адам убакыт өткөндөн кийин далилдей алат. Шүгүр, жанымда мен ишенген дос курбуларым бар.

Ооба, Анжеликага окшоштурушат, балким бул макияждын күчүдүр. Анжелика мага курбу гана эмес, бир тууган сиңдимдей эле болуп калган.

— «Кыз-Бурактын» мурунку курамындагы ырчылардын социалдык түйүн аркылуу кайым айтышуусу көпчүлүктү таң калтырды. Сиз буга кандай пикир айта аласыз?

— Негизи эле чыр-чатак, негативден алыс жүргөнгө аракет кылам. 

Тилекке каршы «Кыз Буракта» ушундай нерсе болуп кетти, мындай болбосо жакшы болмок.

Бир нерсе деш кыйын. Убакыттын өтүшү менен бул нерсенин аягы жакшы жагына бурулат деп үмүт кылам, башка нерсе дей албайм. 
Асел Касымованын жеке архивинен алынды
Фото Асел Касымованын жеке архивинен алынды

— «Кыз-Бурактагы» кыздар каражат таап, өздөрүн камсыздай алышабы?

— Мен «Кыз Буракка» келгенде 7-класста окуучумун. Өзүм бала болсом, акчага муктаж эмес элем, баардык нерсени ата-энем алып берчү. Ал эми топтон берилген айлыгым сөзсүз түрдө бир кийим алганга жетчү. Мурун азыркыдай шарт болгондо, жеке чыкпай эле «Кыз Буракта» жүрө бермекмин. Ал кезде уюлдук телефон деген жок болчу, ата-энемди сагынчумун. Гастролдоп жүргөндө кээ бир айылдарда телефон жок болуп, ата-энем менен сүйлөшө албай калсам ыйлачумун. 

Асел Касымованын жеке архивинен алынды
Фото Асел Касымованын жеке архивинен алынды

Ал учурда мейманкана дегенди билбейт элек. Азыр мейманканада түнөп, кафеден тамактанышат. Мурда бир комнатада кыздар капталыбыздан жатып уктаган күндөр болгон. 

Казан, үтүк сыяктуу керектүү нерселерди гастролдо өзүбүз менен бирге алып жүрөт элек. Кыздар эки-экиден бөлүнүп алып кезектешип тамак жасачубуз. Кечкисин жатаарга үй издемей башталчу.

Асел Касымова
Бир чети ошондой кыйынчылыктары менен кызык болчу. Көп нерсеге күбө болуп быштык, тарбияландык. Ошолорду көргөн үчүн ыраазымын, балким чойроңдогон эрке кыз болмокмун. 2 жыл ичинде көп нерсени үйрөндүм, үйдө эркелеп, ал жакта аскер сыяктуу жүрдүк.

Эң көп окулган жаңылыктар