17:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мигрантка кеңеш. Чет өлкөгө чыгарда тил, маданият жана мыйзамдарын окуп чыгыңыз

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллионго жетет. Алардын 800 миңден ашыгы Россияда, 35 миңи Казакстан, 30 миңи Түркияда. Андан тышкары, Түштүк Корея, АКШ, Араб жана Европа өлкөлөрүндө иштеп жүргөн кыргыз жарандары бар.

24.kg агенттиги чет өлкөдөгү мигранттардан иш издеп башка мамлекетке жөнөгөн мекендештер үчүн кеп-кеңеш топтоду.

1

Кыргызстандан иш табууга аракет кылыңыз

- Чет өлкөдө жашаган мигранттардын көпчүлүгү азыр Кыргызстандан жумуш табууга мүмкүндүгүн айтышат. Алар өлкөдө жеке сектор өнүгүп, тейлөө тармагын, ар кандай ишканалар ачылып жатканын белгилешип, өтө эле кыйынчылык болбосо чет жактан жумуш издөөнүн зарылчылдыгы жок дейт.
»Чакан бизнес ачууга дагы жакшы шарттар түзүлүп калыптыр”, - дешет мигранттар.

2

Максаттарыңызды так аныктап алыңыз

— Чет өлкөгө жумушка чыгарда чемодонду көтөрүп эле учакка жөнөбөй,максаттарыңызды аныктап алыңыз. Акча топтоп келесизби? Зарыл маселелер үчүн акча табыш керекпи? Же өлкөдөн алыс жакта жашагыңыз келеби? Кыргызстандан биротоло кетип жатасызбы, же убактылуубу? Жакындарыңыздан качып жатасызбы? Четте иш таба аласызбы?

3

Кайсы өлкөдө, ким болуп иштей аласыз?

— Кайсы жерде, ким болуп иштеп, канча акча таба аласыз? Бул суроолорго Кыргызстанда туруп жооп тапканың оң. Ошондо гана сиз мигрант катары максаттарыңызды актай аласыз. Өзүңүздүн билимиңизге, мүмкүнчүлүгүңүзгө карата өлкөнү тандаңыз. Балким Батыш өлкөлөрүндө, АКШда жакшы жумуш таба аласыз, же араб мамлекеттерине барган ыңгайлуу болот. Англис тилин билбесеңиз мүмкүн бир аз акча топтоп Россияга барып, ишкерлик менен алектенесиз.

Анүстүнө ар кайсы өлкөдө миграциялык мыйзамдар менен жумуш шарттары дагы ар башка.

4

Тил үйрөнүңүз. Маданияты менен таанышыңыз

— Кайсы өлкөгө барарыңызды аныктаган болсоңуз эми тил үйрөнүңүз. Ал мамлекеттин тилин билбей туруп, барып алсаңыз өзүңүз кыйналасыз. Албетте жумуш да таба албайсыз. Тил үйрөнүүгө көп убакытыңыз кетип, акча жагынан кыйналып каласыз. Андыктан, алгач тилин үйрөнүп, маданият, салт-санаасы менен таанышып алыңыз. Сиз ал өлкөгө конок болуп баргандыктан, тилин, маданиятын жана мыйзамдарын сыйлоого милдеттүүсүз.

5

Сиз улуттун жана өлкөнүн күзгүсүз

— Сиздин жүрүм-турумуңузга карата жалпы кыргыздар тууралуу пикир жаратылат. Айрым уят, орой кадамдарыңыз жергиликтүү элдин кыжырына тийип, жалпы кыргыздарга жек көрүм мамиленин жаралышына себеп болушу ыктымал. Андыктан, жумушта, үйдө, көчөдө жүргөндө дагы сиз конокто экендигиңизди эстен чыгарбаңыз.

6

Мыйзамдарды катуу кармаңыз

— Биздин жарандардын баардыгы эле укук маданиятын билишпейт. Башка өлкөлөрдө кырдаал башкача. Ал жакта «ага-ини» тааныштар жок. Анүстүнө сизге, башка өлкөнүн жаранына ырайымдуулук болбошу да мүмкүн. Андыктан ар бир мыйзамды, тартипти бекем кармаңыз. Мыйзамдарды алдын-ала окуп, таанышып алыңыз. Айтмакчы, өз укугуңузду дагы коргоо үчүн айрым мыйзамдын беренелерин жаттап, же жазып алганыңыз оң. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракетери болуп калса, өзүңүздү коргоого жардам болот.

7

Өзүңүзгө бекем болуңуз

- Биз баарыбыз четте акча таап, келечектин камын көрүп жүрөбүз. Кыргызстанда бизден ай сайын акча күткөн жакындарыбыз, үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар. Андыктан саламаттыгыбыз бекем, өзүбүз кырсыктан алып болушубуз шарт.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби