20:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кеңеш. Балдарды өз алдынча болууга үйрөтүү

Лидерлик боюнча серепчи, психологиялык чыгармалардын автору Тим Элмор иликтөө жүргүзүп, ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жөнөкөй каталарын таап чыкты. Ал каталар балдарга жаштайынан эле өзүнө ишенбөөчүлүктү, алдыга койгон максатка жетүүгө чек коюну алып келе турганын далилдеген.

Балдарды өз алдынчалыкка үйрөтүүнүн айрым жолдорун 24.kg агенттиги тизмектеп чыкты.

1

Баланы ашыкча аздектеп, коруй бербеңиз

Биз ар бир кадам сайын коркунуч тууралуу эскертүү берген турмушта жашап жатабыз. «Коопсуздук-бул эң башкы нерсе» деп ойлоп, балдарыбызды жоготуп алуудан коркобуз, ал тургай баардыгына дайым даярбыз. Албетте, бул биздин милдет. Бирок, кээде биз балдарды коркунуч жаратпаган жөнөкөй нерселерден деле коруй беребиз, бул жыйынтыгында тескери таасирин берет.

Эгерде бала тышта (короодо, эс алуу багында) ойнобосо, ата-энеси анын тизеси сыйрылат деп коруй берсе, ал бала чоңойгондо фобия (коркунуч) менен жабыркай баштайт. Балдар жерге (топурак, таш, суу) бир канча жолу кулап, кагылып согулушу керек. Бул нормалдуу нерсе экенин алар аңдап билүүсү зарыл. Эгерде ата-энелер балдардын жашоосунан жөнөкөй коркунучтарды алдын ала берсе, анда болочокто керсейген, бирок ошол эле убакта өзүн-өзү баалоосу төмөн болгон лидерлерди көрө алабыз.

2

Колдоонун дагы чеги болот

Бүгүнкү жаш муундар мындан 30 жыл мурунку өспүрүмдөргө салыштырмалуу бир топко айырмаланат. Анткени чоңдор аларды курчоого алып, өз чегинен чыгаргысы жок. Биз жардам берүүгө канчалык тез келсек, ашыкча колдоо көрсөтө берсек, алардын кыйынчылык менен күрөшүүсүнө терс таасир тийгизген болобуз. Алар кыйынчылыктарга, оор сыноолорго туруштук бере албай, эртеби же кечпи жардамга бирөө келет деп ишенип алышат.

3

Жеңгенди да, жеңилгенди да үйрөтүү керек

Мектептеги футбол оюнуна баргансыз, анда баары жеңүүчү. Жеңилгени жок. Ар бирине сыйлыктар да каралган. Албетте, бул балдардын өздөрүн өзгөчө сезүүсүнө жардам берет. Бирок иликтөө көрсөткөндөй мындай ыкманын тескери жагы бар. Балдар ата-энелери аларды гений деп эсептеген жападан жалгыз жакын адамдары деп эсептеп алышат. Алгач мунун баары жагымдуу көрүнөт. Бирок, оюндан сырткары башка милдеттерди (сабак окуу, тил үйрөнүү) жакшы аткара албай, гений деген мактоо сөздү укпай калса, бала кандай абалда каларын да эске алуу керек.

4

Балага «жок» деп кесе айтканды үйрөнүңүз

Балаңыз сиздин жашоонун ар бир мүнөтүндө сизди сүйүп жашоого милдеттүү эмес.

Балдарга «жок» жана «азыр эмес» дегенди үйрөтүңүз. Көпчүлүк ата-энелер алар каалаган нерсени дароо алып бере калышат. Балдарга жакшы иштин арты менен дүкөнгө барасың деп эч качан үйрөтпөгүлө. Эгерде сиздин мамиле материалдык сыйлыктар менен негизделген болсо, балдарда ички мотивация жана сизге болгон шартсыз сүйүү болбойт.

5

Өзүңүз кетирген каталар менен бөлүшүңүз

Көпчүлүк ата-энелер өзүлөрү кетирген каталарды балдарына айта беришпейт. Бирок, бекер кылышат. Анткени ар бир кетирген ката- сабак. Өспүрүмдөр өздөрү бир нерсе кылууга аракет кылуусу бул кадыресе көрүнүш. Алардын өз алдынча иштешине уруксат бериш керек. Бирок, алардын мойнуна баарын жүктөп койбой, багыт берип туруу чоңдордун милдети.

Сиз дагы ошол куракта (жаш кезде) кандай ката кетиргениңизди айтыңыз. Муну балаңыз туура тандоо кыла тургандай кылып айтып бериңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар