06:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сахалинде кыргызстандык жаран 5 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кетип көз жумду

Сахалинде кыргызстандык жаран 5 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кетип көз жумду. Бул тууралуу Сахалин облустук тергөө комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 41 жаштагы жаран үйдүн чатырын оңдоп жатканда кулап түшкөн.

«Аталган факт боюнча «этиятсыздыктан улам өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө уланууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар