Ошто көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга шаардын И.Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган кыз жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары барып, кызды сактап калышты.
Боюн таштоого аракет кылган кыз 1992-жылы туулган Ш.К. экени аныкталды.