Жогорку Кеңештин беш депутаты Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу кетишти.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.
Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, Баткен Ак-сай жана Көк-Таш айылдарында абал тынч.