09:45
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 3 кыргызстандык жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучулардын биринин абалы оор, калган экөө Баткен облустук бириккен ооруканасында травматология бөлүмүндө жатышат.

Жабырлануучулардын үчөө тең октон жаркат алышкан. «Жабырлануучулардын бири санына, дагы бири ийинине ок жеген», -деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар