04:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кеңеш. Турак жайларды уурулардан кантип коргоо керек

Батирге ууру кириптир дегенди баарыбыз эле угуп жүргөнүбүз менен, окуя баштан өтпөгөн соң анча маани деле бере бербейбиз. Качан гана баалуу буюмдарды ууруларга тарттырып жибергенден кийин башты кармап отуруп калышыбыз мүмкүн.  

Мындай жагымсыз жагдайлардан алыс болуш үчүн, 24.kg агенттиги айрым пайдалуу кеңештердин топтомун сунуш кылат.

Адистердин айтымында, ууру алыстан келбейт, андыктан сактык чараларын биле жүргөнүңүз сизге пайда.

1

Үйдү кароосуз калтырбаңыз

Үйдү кароосуз калтырбаңыз. Албетте, көпчүлүк үчүн бул вариант туура келбеши мүмкүн, анткени жумушта иштешет эмеспи. Уурулар үчүн үйдө эч ким жок мезгил ылайыктуу деп эсептелет. Анткени күбөлөр аларга кошумча көйгөйлөрдү гана алып келет.

Бир жакка кеткенде (кыска мөөнөткө болсо дагы) баардык эшик, терезелерди жаап коюңуз. Кичине ачылган терезе дагы талап-тоноочулар үчүн терезени толугу менен ачып кеткенге барабар. Үйдүн кошумча ачкычын үйдүн айланасындагы буюмдарга бастырып, катып койбоңуз.

2

Ишенимдүү коңшуларыңызга үйдү табыштап кетиңиз

Эс алуу өргүү убагы- талап-тоноого дуушар болууга ыңгайлуу учур деп коюшат. Сиз өргүүдө жүргөн кезде ээнсиреген үйүңүзгө уурулар түз эле айттырбай «конокко» келишет.

Узак мөөнөткө бир жакка кетип жаткан болсоңуз ишенимдүү коңшуларыңызга үйдү дайындап кеткениңиз оң.

3

Коопсуздук жабдыктарын орнотуңуз

Кош эшиктүү кулпу, терезелердеги кулпулар, балкондогу кошумча эшиктер жана сигнализация ууруларды кооптондурат. Албетте, мында алар уурулук кылбайт деп эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт, бирок талап-тоноочуларга тездик менен иштөөгө туура келет.

4

Атайын техника дагы уурулардан куткарышы мүмкүн

Уурулардан коргонууда механикалык каражаттар негизги элемент болуп саналат. Буга кошумча атайын электроника дагы коопсуздукту камсыз кыла алат. Мисалы, ууруларга психологиялык жактан басым көрсөтө турган катуу үн чыгарган сигнализациялар бар. Мындан тышкары күзөт кызматынын пультуна кошулган «акырын үн чыгаруучу» сигнализациялар да жардамчы болот.

5

«Акылдуу үй» системасын орнотсоңуз болот

«Акылдуу үй» системасы көп артыкчылыктарга ээ. Алар күзөт функциясын да аткара алышат. Ал тургай үйдө болбосоңуз дагы турак жайыңыздын ордунда тургандыгын биле аласыз. Кошуналардын дагы «көз салып коюңуз» деп тынчын албайсыз.

Эң көп окулган жаңылыктар