09:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун деңгээли жогорулоодо

Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап жатат. Бул тууралуу «Азаттык» облустук администрациянын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө шилтеме берип билдирди.

2018-жылы өспүрүмдөр жасаган 215 кылмыш катталган. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсе көп.

Ошону менен катар өспүрүмдөргө карата зомбулук фактылары да көбөйүп жатканы айтылды. Атап айтканда, 2017-жылы 57, ал эми 2018-жылы 138 учур катталган.

Бийлик өкүлдөрү мындай көрсөткүчтөрдү кылмышты аныктоо иши жакшырганы менен байланыштырууда.

Эң көп окулган жаңылыктар