13:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте «Кырк чоро» коомдук уюму митингге чыкты

Бишкек мэриясынын имаратынын алдында «Кырк чоро» коомдук уюму митингге чыкты. Акциянын катышуучулары 8-мартта феминисттердин жөө жүрүшүнө уруксат берген кызматкерлерди иштен алуу талабын коюшууда. 

Нааразы болгондордун саны 30га чамалуу.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш уюштурулган. Айрым катышуучулар ЛГБТ коомчулугун колдогон плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, кызуу талкууга жем таштады. «Кырк чоро» уюмунун мүчөлөрү жөө жүрүшкө уруксат берген шаардын мэри Азиз Суракматовду кызматтан кетүүсүн талапк ылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума