03:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет өлкөдөн жумуш издеген жарандарга кеп-кеңеш

Чет өлкөдөн жумуш издеп кетүүгө камынган жарандар коопсуздук чараларын билип жүрүшү керек. Бул жаатта маалыматтын жетишсиздиги ар кандай кырдаалга алып келет.

24.kg агенттиги алданып калбаш үчүн сактык эрежелерин тизмектеди.

1

Фирманын күбөлүгүн текшерип чыгыңыз

Жумуш берүүчү менен жумушка орношо турган кардардын ортосундагы ишти ортомчу фирмалар (жеке жак да болушу мүмкүн) аткарат. Адистердин айтымында, дал ошол ортомчу фирмаларды тыкыр электен өткөрүү керек. Айрыкча эмгекке орноштуруу боюнча агенттиктен сиз мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча байланыш тууралуу лицензиясынын көчүрмөсүн талап кылышыңыз керек.

Ошондой эле, болочоктогу иштин мүнөздөмөсү, жалпы эмгек шарттары, эмгекке орноштура турган өлкөнүн жашоо шарты тууралуу жазылган кат түрүндө маалыматты талап кылсаңыз болот.

2

Ортомчуларга акчаны дароо карматпаңыз

Алдамчылар алдын ала кызматы үчүн же эмгек визасы үчүн деп акча сурашы мүмкүн. Расмий ортомчулар эмгек берүүчү менен кардар ортосундагы эмгек келишимине кол коюлгандан кийин гана акчаны алышат. Андыктан каражатты берип салууга ашыкпаңыз.

3

Контрактты көңүл коюп окуш керек

Ортомчу менен болгон контракты үтүр, чекитине чейин окуңуз. Анда номер, дата, келишим түзүлгөн жай, ортомчунун аты-жөнү, чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча лицензиясынын алынган күнү жана номуру, ортомчунун дареги, кардар тууралуу маалымат жазылышы керек.

Андан тышкары тараптардын милдеттери, жоопкерчиликтери, келишимди өзгөртүү шарттары, келишимди жокко чыгаруу, талаш маселелерди чечүү жолдору, кошумча кызматтардын тизмеси, келишимдин мөөнөтү жазылышы керек.

4

Документтерди эч кимге бербеңиз

Эч кандай шартта жеке документтерди жана паспортту ортомчуга жана иш берген кишиге бербеңиз. Негизинен эмгек кулчулугуна паспортун ар кандай шылтоо менен алдырып жибергендер кабылышат. Паспортсуз чет элдик кызматкер укуксуз жумушчуга айланат.

5

Майда тамгаларга көңүл буруңуз

Чет элдик иш берүүчүдөн эмгек келишимин талап кылыңыз, көңүл коюп окуп чыккыла. Айрыкча кичинекей тамга менен жазылган жазууларга көңүл бургула. Тилди билбесеңиз котормочу жалдап тактап алыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар