00:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азербайжан Бишкекте мектеп жана Гейдар Алиев атындагы эс алуу жайын куруп берет

Азербайжан Бишкекте мектеп жана Гейдар Алиев атындагы эс алуу жайын куруп берет. Шаардын мэри Азиз Суракматов менен Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш оглы бүгүн тиешелүү мемарандумга кол коюшту.

Азиз Суракматов билдиргендей, объекттердин курулушу тууралуу макулдашуу эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

«Гейдар Алиев атындагы эс алуу жайы шаардын түштүк бөлүгүндө орун алат. Мектеп «Көк-Жар» жаңы конушунда курулат. Бул Азербайжандан биздин шаарга берген белеги. Курулуш жана жабдыктарын азербайжан тарап алды», -деп билдирди ал.

Курулуш иштери ушул жылдын жайында башталышы мүмкүн.

 
Эң көп окулган жаңылыктар