11:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо башталды

Кыргызстанда мектепке электрондук каттоо башталды.

Электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта, 8-апрелден (9:00дөн баштап) 2-июнга чейин жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча), экинчи этапта, 3-июндан 30-августка чейин жашаган жери боюнча эмес, бош орундар бар мектептерге каттоо болот.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу саат 12:00-13:00 арасы.

Эң көп окулган жаңылыктар