13:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 189 мектеп курулду

Соңку үч жылда Кыргызстанда 189 мектеп курулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министрлик президент акыркы үч жылда аймактарда билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары төрт мектепке кошумча имарат салынып, тогуз мектепке кошумча спорт залдар курулду», — деп билдирди мекеме.

Ошондой эле мекеме өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилгенин кошумчалады. 123 окуу жайы курулуп, 1 мектепте кошумча корпус салынып, 19 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар