USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Жаңы окуу жылынын каникул күндөрү белгилүү болду

09:43, 17 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бардык билим берүү уюмдарында жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп каникулдарынын графиги дагы бекитилди:

  • Күзгү каникулдар 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат.
  • Ал эми кышкы каникулдар 1-январдан 14-январга чейин пландалып, 15-январдан баштап окуучулар мектепке бара башташат.
  • Жазгы каникулдар 21-марттан 31-мартка чейин белгиленди. Сабактар 1-апрелден башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул узартылат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика